Кыргызстандагы кышкы спорт долбоору
Урматтуу окурмандар, ушул кышкы спорт проектисине болгон кызыгууңуздар үчүн чон рахмат! Төмөнкү текстте бул проектинин максаты жана кантип кантип ал максатка жетүү керектиги тууралуу айтылат.
Бул проектинин негиздөөчүсү жана менеджери Эдда Хергартен болуп саналат.
Эдда Кыргызстанда саякаттап жүргөн кезде, андан кышкы спорт проектисине колдоо корсотүүсү тууралуу жардам суроо менен жергиликтүү адамдар ага байланышка чыгып калышат. Бул ой ушундан улам чыгат. Швейцарияда Эдда “Бивио” лыжа мектебинин жетекчисинин орун басары болуп эмгектенет. Азырынча ошол мектеп аталган проектинин жоопкерчилигин көтөрүүдө, бирок келечекте бул проектти өз алдынча уюм катары түзүү боюнча пландар бар.
Кыргызстандын кышкы спорт үчүн табигый шарттары, б.а. бийик тоолору, кооз жаратылышы, кыш сайын кардын жаашы улам- улам көптөгөн туристтерди өзунө тартат. Учурда Кыргызстанда бир нече лыжа базалары бар, алардын көбунесеси чет элдик жарандарга тиешелүү, демек жергиликтуу калк үчүн дагы атайын лыжа трассаларындабы же бэк кантридеби, айтор кошумча акча табууга мүмкүнчүлүктөр бар. Адамдар бул нерселерге кызыкдаар болушса дагы, бирок жетиштуу тажрыйба жок.
Өлкөнүн бут булуң-бурчунан чогулган проекттин катышуучулары Швейцариядан келген билимдүү лыжа мугалимдеринен кадимки лыжа, лыжа менен алыс аралыкка чуркоо, сноуборд жана скитуринг боюнча техникалык сабактарды ала алышат. Проекттин катышуучулары эл аралык деңгээлдеги лыжалык дипломдорго ээ болууга жетүү үчүн, биздин проект ISIA (International Ski Instructor Association) менен чогуу иштешкенге аракет кылууда (Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат). Кошумча түрдө туризм, маркетинг, биринчи жардам коргозүү, лыжа ж.б. буюмдарына кам көрүү жана англис тили боюнча сабактар да өтүлөт. Негизги максат: Кыргыз элине кышкы спортту да кесипке айландырууга мүмкүнчүлүк берүү, жаңыдан баш багып келе жаткан бул экономикалык тармакты туура багыттоо, жаштарга кышкы спорт аркылуу келечекке ыңгайлуу шарт түзүп берүү. Тренинг жумасы Каракол шаарында өтөт, анткени жакын жерде жайгашкан Каракол лыжа базасы окутуп үйрөтүү үчүн ыңгайлуу лыжа трассаларына ээ.
Бул 5 жылдык проект Швейцариянын эң маанилүү кышкы спорт мектептери тарабынан колдоого алынат. Жергиликтүүлөрдөн Риверсайд мейманканасы, Экотрэк организациясы, Треккинг юнион туроператору ж.б. жардамдашып колдоодо. Жергиликтүү котормочулар жана гиддер да бул проектке чогуу катышышып, иштин так жүрүшүнө өз салымдарын кошуп жатышууда. Келечекте да
жергиликтүү калкты окутуу улана берүүсү керек. Биздин сайттын башкы бетиндеги партнерлор/спонсорлор аттуу бөлүгүн ачсаңыздар, биздин партнерлордун жана спонсорлордун тизмеси менен тааныша аласыздар.
Бул жылда өтүүчү иштер тууралуу тагыраак маалымат алуу жана актуалдуу сүрөттөрдү көрүү үчүн
News бөлүгүнө кириңиздер. Байланыш электрондук почта: edda.hergarten@gmx.net